Бүгүн, 22-сентябрда күндүз тоолуу райондордо жаан жаашы мүмкүн. Башка аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.
Абанын күндүзгү температурасы:
Чүй облусунда +19…+24
Талас облусунда +18…+23
Баткен облусунда +23…+28
Ош, Жалал-Абад облустарында +23…+28
Ысык-Көл облусунда +15…+20
Нарын облусунда +14…+19
Бишкек шаарында күн бүркөк болот. Абанын температурасы +22…+24 градуска жетет.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +15…+17 градус болот.