Бул тууралуу ырчы соцтармактагы баракчасына маалымдады.

«Буйруса, баары жакшы болуш керек!!!
Эртендерден даарыланууга алыска кетип жатам. Бирок, 4-октябрь шайлоого келип калам. Милдеттүү түрдө өз добушумду — өзүмдүн тандаган партияма берем.
Мени азыр ден-соолугум эмес, өлкөбүздүн тагдыры көбүрөөк ойлондуруп жатат. Канчалаган карызга мамлекетибиз дагы батат? Балдарыбыз кантип төлөйт? Биз картайганда кандай колдоо өлкөбүздөн күтөбүз? Эмне деген жашоо күтүп жатат? Англия, Улуу Британия, Япония — ажосу жок ЖАШАГАНДАЙ ЭЛЕ БИР ЭЛЕ ПРЕМЬЕР МИНИСТР же өкмөт башчысы менен жашасак болот беле? Негизи эле 10-15 депутатты тандап жашасак го? Министрликтердин ар бир тармагы так иштеп, элдин көйгөйүн чечсе жетишмек! Депутаттар эл адамы деп аталып, жаңы закондорду чыгарышат. Анан — беш жылда бир элге кайрылып, өкүлдөрү аркылуу кээ бирлерди кыйнап, зордоп, пара сунуштап, бири-бирин жамандап, көчөлөргө беттерин илип аран элге өзүлөрүн таанытышат»,-деди Анжелика.