Өнөкөт чарчоо

Өнөкөт чарчоо синдрому айрым изилдөөчүлөрдүн пикиринде реалдуу көрүнүш. Болгону физикалык чарчоо, дененин, психиканын көп иштегенинен улам болгон көрүнүш. Нервдин чарчаган мезгилинде баш оору кайталана берет. Андай учурда нерви чарчаган адам эч нерсени сүйбөй, чыйрыкканы аз келгенсип, булбулдун үнү да жакпай калгандай абалда болот.

Пайдалуу азыктар

Нерв чарчаганда шоколад жакшы. Кургатылган жемиштер, данектер, жаӊгак, бадам да нервдин чарчоосун кадимкидей жеӊилдетет. Андан сырткары деӊиз азыктары да андай учурда эӊ мыкты антидепрессанттар. Капуста менен броколли стресске каршы күрөшүүгө жардам берет. Сүт азыктары болсо стресстен чыккандан кийинки абалды калыбына келтирүүчүлөрдөн. Банандын адамга жакшы маанай тартуулаарын банан сүйүүчүлөрү гана билсе керек. Нерв болгон учурда банан жеп койсоӊуз, ал абал жеӊилирээк өтүп кетет.

Аз уктоо нервдин чарчоосуна алып келет

Адам күнүнө 7-8 саат укташы керек. Нормадан азыраак уктаган адамдын чарчоосу анын организминде топтоло берип, ден соолукка бир топ зыянын тийгизип коюшу мүмкүн. Айрыкча үй иштери, үй-бүлө жана иши менен алек болуп, эс алууга убактысы аз болгондор көбүрөөк жабыркашат. Себеби, күнүмдүк көйгөйлөр көбөйүп отуруп нерв системасынын иштөөсүн начарлатат. Нерв системасы начарлаган учурда жүрөк, кан -тамыр, тамак сиӊирүү жана ашказан ооруларынын эӊ башкы себепчиси болоорун унутпашыбыз керек.

Нерв системасын жакшыртуу үчүн…

Нерв системасын жакшыртуу үчүн өз убагында уктап, нервди тынчтандыруучу чөптөрдөн чай ичип туруу керек. Спорт – нерв чарчоодо эӊ мыкты жардамчы. Андан сырткары женщень жана мелисса чайы, лаванда ваннасы жакшы