Жалал-Абадда ресторандардын ээлери бийликтин массалык иш-чараларга тыюу салганына нааразы. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.


Анын айтымында, облус борборунун вице-мэри Нуртилек Орозбаев ресторан жана кафелердин ээлери менен жолугушуп, дагы 50дөн ашык конок менен иш-чара өткөрбөөнү суранды.

«Көптөгөн ишкерлер чектөөлөргө каршы. Алар жумушчулардын айлыгын төлөшү керек деп жатышат. Бирок, Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн дарыгерлери Жалал-Абадда коронавирус дагы деле күчөп, массалык иш-чаралар оорунун жайылуу коркунучун күчөтүп жаткандыгын белгилешти », — деп билдиришти муниципалитеттен.

Белгилүү болгондой эрежени сактабагандар  үчүн айып пул 3 миң сомдон 40-60 миңге чейин көтөрүлгөнү айтылды.