26-сентябрдан 25-октябрга чейин Кыргызстандын чек арага жакын аймактарында жашаган 54 катышуучу (18-28 жаш курактагылар) критикалык ой-жүгүртүү, эффективтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө үйрөнөт. Келечекте ал жөндөмдөр талаш маселелерди тынчтык жол менен чечүүгө, түрдүү тармактарда ишти тараптардын кызыкчылыгын эске алып, укук негизде чече алышат.

Долбоор эки бачкыч менен жүрөт:

Көнүгүүлөргө басым жасап окууту;

Ойлоп табылган кейстер менен иштөө.

Биринчи баскычта майда тайпалар теориялык тапшырма алып, аны шак эле көнүгүүлөр менен иш жүзүндө аткарууга аракет жасашат. Окутуу онлайн форматта өтүп, өзүнө негизги сегиз теманы камтыйт. Анын аркасы менен жаштар эффективтүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө даярдык көрүшөт.

Экинчи этапта жаштар 18 команда түзүп, ойлоп табылган конфликтик жагдайларга катышат. Сүйлөшүүлөрдүн ар бир раундуна үч мүчөсү менен  эки команда катышып, түрдүү чыр-чатактын өкүлү болушат.

Катышуучулар алдын ала жалпы маалыматты алып, конфликттин чыгуу себептерин билишет, команданын бир мүчөсү  конфиденциалдуу маалымат ээ болот. Командалардын максатын — маселени чечүүнүн эң мыкты жолун сунуштап консенсуска жетүү.

Калыстар тобундагы эксперттер командалардын жөндөмүн баалашат. Анда сүйлөшүүлөргө алдын ала даярдануунун деңгээли, сүйлөшүү жүргүзүүдөгү ийкемдүүлүк, жаралган абалды толук туюп, тараптардын кызыкчылыгын эске алып алдыга жылуу, командалардын иштөөсү, сүйлөшүү этикасы, командалар ортосундагы түшүнүшүүгө жетүү эске алынат.

Турнирдин финалында жеңүүчү команда аныкталат. Турнирдин ачык формада өтүшү менен катышуучулар баардык командалардын күч сынашканын көр.п алардан оюндарын көрүп тажрыйба алышат.

Катышуучулар «Консенсус» долбоорунун алкагында :

сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн ыкмаларын изилдейт;

эксперттердин дем берүүчү сөздөрүн уга алышат;

консенсуска жетүүнүн түрдүү жолдорун өздөштүрөт.

«Консенсус» долбоорун «Борбордук Азиядагы дебат билим берүү борбору» (IDEA CA) уюму БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен ишке ашырууда.

Долбоор боюнча кыргыз тилинде  кеңири маалыматты шилтеме аркылуу ала аласыз.

consensus.ideaca.today