Казакстандын беш облусунда — Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда үй канаттуулары кырылууда.

Бул тууралуу 21-сентябрда Борбордук коммуникациялар кызматында өткөн брифинг учурунда айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаева билдирди.

Исаева «Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулар кырылып жатканы аныкталды. Жеке үй-жайларда 12 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган», — деди.

Анын айтымында, үч облуста канаттуулар куш тумоосунан кырылып жатканы аныкталды, эки облуста лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.

Расмий маалыматтарга караганда, 4,7 миллион канаттуу үчүн 1,4 миллион доза вакцина бөлүндү. Буга кошумча дагы бир миллион вакцина сатып алуу пландалууда. Тумоо тараганга чейин 11,8 миллион канаттуу эмдөөдөн өткөн.