Акаевдин доорунда депутат, Бажы башчысы болуп “Акаевдин кашолегу” деген каймана атка ээ болгон атактуу Муратбек Малабаев Медербек аттуу баласын Адахамдын “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын тизмесинде 10чу кылып жаздырыптыр.

 Акчасы арбын, элдин канын соргондорго айла жок. Өздөрү элге кыянаттык кылгандары аз келгенсип, эми балдарынын баштарын чоң саясатка тыгып жатышат. “Алма сабагынан алыс түшпөйт” дегендей, атасынын баркы жана акчасы менен  депутат болгондор элге жакшылык кылабы? Акаев доорунда Малабаев экинин бири болуп, элчи ары-бери калчап, капчыктын күчү менен күүлдөп турган эле. Ошондой жыргалды эңсеп, баласын сасык саясатка аралаштырдыбы? Деги эле Адахамдын партиясына мандемдүүлөр абдан арбын чогулган экен. “Эшегине жараша тузагы” деген ушул эмеспи. Жүзүң кургурдуку…