Мен дагы башымдан өткөн окуяны сиздер менен бөлүшүүнү туура көрдүм. Эжем бар жашы 34 до бир кыз бир уулу бар. Мындан 4 жыл мурун жездем каза болуп 5 айдан кийин туугандары үй талашып, эжекемди кыздары менен үйгө алып келген үй сатып беребиз азырынча силердикинде болсун таштап кетишти. Эжем көпкө чейин өзүн жаман сезип, жездемди ойлоп бизди карап күлүп, ары карап ыйлап жүрдү.

Ошол эле учурда эжемди бир бала менен сүйлөшүп жүргөнүн байкап калдым. Кайдан болот эмне болгон бала десем анысы түрмөдө отурат экен. Болгонун баарын ошого ташыйт. Жадагалса мен чалсам «азыр чалам» деп урушуп турат. Жаңы телефон алды анысын 18000 минге алган. Бир айга жетпей «жоготуп алдым» деп эски телефонун көтөрүп калды.

Бир күнү телефонун капысынан көрүп калсам тигиниси оозго алгыс сөздөр менен эжемди сөгөт экен. Эжем жаңы телефонум кандай экен деп сураса анысына дагы оңдураак жооп бербей «доомат кылба» деп жооп жазыптыр. Кечке анысын ойлоп балдарга деле көңүл бурбай калды. Аларды сабайт бир нерсе десек «мени менен ишиңер болбосун» деп жооп кайтарат. Жадагалса жездеме Куран окубай калды. Апамды дагы кагып, силкип балдары жанына келсе кыйкырып сөгүп, аларды жанына барып сүйлөгөндөн коркушат.

Анысына «жан» деп акырын сүйлөп бизге копол мамиле жасайт. Эмне кылаарыбызды билбей калдык башка кимге айтабыз «эл эмне дейт» башка байкелериме айтсам өзү жабышып жүрөт да эмне дейбиз дешет. Андан кантип кутултуп кандай жол менен сүйлөштүрбөй койсок болот. Башыбыз катты.