Электр энергиясы үчүн карызы бар 2700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүү пландалууда

“Түндүк электр” ишканасы электр энергиясы үчүн дебитордук карызы бар 2 700 ишкана-уюмдун жарыгын өчүрүүнү пландап жатат. Бул туурасында аталган мекеменин маалымат кызматы кабарлады.

Өчүрүү иштери 23-24-сентябрда жүргүзүлөт. “Түндүк электр” ыңгайсыздыктан жана жарыкты коштурууда ашыкча чыгымдан оолак болуу үчүн эсептерди убагында төлөөгө чакырат.

Ошондой эле 9-17-сентябрь күндөрү дебитордук карызы бар 9 600 турак жайдын электр энергиясы өчүрүлгөнүн белгилейт. Ошондон кийин гана 8000 абонент карызын төлөгөн.

Жарык үчүн төлөмдөрдү “Кыргыз почтасынан”, терминалдардан жана электрондук капчыктардан жүргүзүүгө болот.