Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 22-сентябрда, Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчукту кабыл алды. Ал өлкөгө Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча Кыргыз-Россия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги жыйынына катышууга делегацияны баштап келген. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Кыргыз-Россия эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун, анын ичинде Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) алкагында кызматташуунун азыркы абалы жана келечеги жөнүндө пикир алышуу болду.

Президент Сооронбай Жээнбеков өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды турукташтырууга көрсөткөн колдоосу, гуманитардык жардамы жана орто жана чакан бизнести колдоо үчүн Евразиялык фонддун линиясы менен 100 млн АКШ доллары өлчөмүндөгү жеңилдетилген насыя бөлгөндүгү үчүн россия тарапка дагы бир жолу ыраазычылык билдирди.

Мамлекет башчысы постпандемиялык мезгилде биргелешкен күч-аракеттерди топтоонун, соода-экономикалык мамилелерди активдештирүүнүн жана пандемиянын кесепеттери менен күрөшүү боюнча биргелешкен чараларды кабыл алуунун маанисине токтолду.

Президент Сооронбай Жээнбеков Россия тарап менен энергетика, темир жол, инфратүзүм, аймактарды өнүктүрүү жаатындагы долбоорлор, ошондой эле ЕАЭБдин алкагындагы долбоорлор боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары дагы өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирип, бул багытта Өкмөттөр аралык комиссияга чоң роль берилгенин кошумчалады.

Россия Федерациясынын Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчук Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен Өкмөт төрагасы Михаил Мишустиндин саламдары менен жакшы каалоо-тилектерин жеткирди.

Ал Россия тараптын Кыргызстан менен стратегиялык жана союздаш мүнөздөгү эки тараптуу мамилелерди баалай тургандыгын баса белгиледи. Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун динамикалуу өнүгүшүн белгиледи.

Алексей Оверчук ЕАЭБдин алкагында эки өлкөнүн жигердүү өз ара аракеттешүүсүнө көңүл буруп, коронавирус инфекциясы пандемиясы менен күрөшүү боюнча тиешелүү ведомстволордун биргелешкен иштерин, ошондой эле Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун натыйжалуу ишмердигин белгиледи.

Мындан сырткары, Россия Өкмөтүнүн төрагасынын орун басары коронавирус инфекциясынын жаңы тибине каршы россиялык вакцинаны Кыргызстанга жеткирүү маселеси артыкчылыктуу тартипте карала тургандыгын кошумчалады.

Тараптар эки жактын тең кызыкчылыгын көздөгөн багыттар боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары да өнүктүрүүгө даярдыгын билдиришти.