Чүйдүн Ысык-Ата районунда 13 жаштагы бала эки кишини бычактады. Жабыркагандардын бири ооруканага түшүп, экинчисине амбулатордук жардам көрсөтүлдү.

Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, 21-сентябрга караган түнү Жээк айылында тургундардын бири туулган күнүн белгилеген. Зыяпат учурунда коңшулар сөз талашып, анын аягы мушташка айланган. Үй ээсинин 13 жаштагы уулу эки кишиге бычак сайган.

Андан тышкары белгисиз кишилер бир канча автоунаанын айнегин талкалаган.

Райондук милиция Жазык кодексинин 266-беренеси («Бейбаштык») боюнча иликтөө баштады.