Эне болуу өзгөчө тун балаңды жарык ааламга алып келип, ыңаалаган үнүн угуп, бирок  кучагыңа албай туруп, ууз сүт эмизбей туруп кол үзгөн кандай экени мага гана  тааныш сезим.  Ал кезде жаштыкка алдырган экенмин. Коркуу, ата-энеден ыйбаа кылуу, кысынуу менде күч эле. 

2000-жылдардын башында шаарга окууга келдим.  Биринчи курсту аяктап, акчадан кыйналып,  айла жок жумушка орноштум. Байпак тойкубуз. Алгач станокту жакшы түшүнө албай кыйналдым. Жаныбызда технолог байке бар эле Сапар деген. Акырын айтып баарын түшүндүрөт. Жумушка көнүп баарын үйрөнүп алдым. Сапар байке менен мамилебиз жакшы болуп, ынак боло баштадык. 8-март  күнү коллектив кафеге отуруп майрамдадык. Бийлеп, анча-мынча ичип майрамдын кызыгына кирдик. Түн бир оокумдан өткөн соң чогуу иштеген эжелерди күйөөлөрү келип алып кетишти. Сапар байке мени жеткирем деп чыкты. Таксиде ага ыктап отуруп, билбейм кандай болду мен ага багынып бердим. Ошол күнү үйгө барбай эле мейманканада түнөдүк. Бир чети мастыкка, экинчиден жаштыкка алдырып намысымдан айрылдым. Эртеси эч нерсе болбогондой жумушка бардык.

Күндөр өтө берди, эмнегедир ошол окуядан соң Сапар байке менден алыстай баштады. Мен күндөн-күнгө кызыктай болуп, этек ирим келбей, кускум келип жүрөгүм айланган адат пайда болду.Жанымда иштеген эжелер баары жабылып, мага колдоо көрсөтүп акыры боюма болгонун айтышты. Ден дароо болуп отуруп калдым. Алдырам дедим. Бир эже кой садагасы алдыра көрбө, экинчи төрөбөй каласың. Сапар жерге кирсин, аялы бар туруп сага көз арткан деп аны шатырата каргап жатты. Ошол аралыкта эмнегедир Сапар байке жумуштан чыгып, дайынын билдирбей жок болуп кетти. Ыйлайм, эмне кылаар айла таппайм, курсагым чоңоюп баратат.  Жумушта чогуу иштеген бир эже курбу кызы көптөн бери балалуу болбой жүргөнүн айтып, баланы алаарын, төрөлгөнчө ошол эженин үйүндө жашап  тураарымды айтты. Ал эженин аты Атыр экен. Айла жок макул болдум. Апамдар айылдан чалса окуп жатам деп коем. Окуумду Атыр эже  акча менен бүтүрдү.

Ошентип уулдуу болдум. Төрөткө Атыр эже кошо кирген, бала төрөлөөрү менен акушерканын колунан алып чыгып кетти. Ошондо ыңаалап жарык ааламга келген баламдын үнүн уктум,бирок жүзүн көрбөдүм.

Андан бери топ жыл өттү. Эркектер менен сүйлөшүү турсун жологонго коркуп калдым. Бир күнү Орто-Сай базарында Атыр эжени көрдүм, жанында кудум Сапарга окшогон өспүрүм бала жүрөт. Тыкан кийинтип, жакшы караганы көрүнүп турат. Менин балам экенин жазбай тааныдым. Барып учурашайын десем, буттарым ордунан жылбай катып калды. Атыр эже да мени байкады окшойт, көрбөгөн кишиге салып, ары көздөй басып, элди аралап көздөн кайым болду.

Эми баламды издеп, мен апаңмын, сени төрөгөм деп айтуудан айбыгып турам. Атыр эже да жолотпойт чыгар. Эже байкуш өз баласындай карап, түн уйкусун, мээримин төгүп чоңойту да. Кайсы бетим менен барам. Ошол баламды көргөн күндөн тартып менден тынчтык кетти. Кандай кылсам?