Бүгүн, 22-сентябрында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 31 жылдыгына карата  ИИМдин милициянын генерал-майору Ж. Шабиров атындагы Республикалык окуу борборунда “Тил-элдин байлыгы жана баалуулугу” деген аталыштагы онлайн форматта атайын конференция өткөрүлдү.   Бул тууралуу, ИИМдин Басма сөз кызматынан кабарлады.

Бул иш-чарага  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын, күч түзүмдөрүнүн  өкүлдөрү, ошондой эле ИИМдин УКЭКБнын мамлекеттик тил бөлүмүнүн жана башкармалыктардын, окуу жайлардын кызматкерлери катышты.  

Конференциянын жүрүшүндө мамлекеттик тилдин учурдагы абалы жана ички иштер органдарында мамлекеттик тилдин өнүгүшү жана аны ар тараптан колдоо боюнча иштер жүргүзүлүп жаткандыгы   белгиленди.    Бүгүнкү конференциянын катышуучулары да мындан ары мамлекеттик тилдин өнүгүүсүнө өз ара кызматташууну бекемдөө тууралуу өздөрүнүн ойлорун айтышты.