Көпчүлүк адамдар ар кандай себептерден улам кийимдерди чекене жана арзан соода түйүндөрүнөн сатып алышат. Колдонулуп жаткан нерселер аркылуу инфекция жугушу мүмкүнбү деген суроого адистер жооп беришти.

Айрым  бир кардарлар мурда кийилген кийимдерди саткан дүкөндөргө барууну туура көрүшпөйт, буюмдарды зыяндуу химикаттар менен тазалашат деген ойдо. Айрымдар андай буюмдар опурталдуу, анткени ар түрдүү ооруларды жугузуп алса болот деп эсептешет.

Кандай гана коркунучтуу вирус болбосун, ал кийимде үч суткадан ашык жашабайт. Биринчи ээсинен тартып сатылганга чейин ал буюм өтө узак жолду басып өтөт, андыктан алардан илдет жуктуруп алуу  өтө минималдуу. Мурда кийилген кийимди буу менен тазалап, дезинфекциялайт. Ошол эле учурда, ооруну жуктуруп алуунун негизги жолу – кийимдин тигиштеринде, бүктөлгөн жерлеринде жашырынып калып калган биттер аркылуу болушу мүмкүн.

Дагы бир жуга турган жагдайы, эгер секонд-хендге тумоологон адам келип калса, анын үстүнө чүчкүрүп-бышкырып, жөтөлүп атса, буюмду өзүнө ченеп көрүп, бирок сатып албастан, кайра илип коюп кетип калса, ал өтө опурталдуу шартты жаратат. Анткени, андан соң ошол эле дүкөнгө дени-карды соо адамдар келишип, оорулуу  кармаган буюмдарды колдору менен кармап көрүшүп, кийишсе, анда вирустун мурун, ооз жана көздүн былжырлуу жерлерине жабышып алуусун камсыз кылышат.