Бүгүн, 23-сентябрда күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым аймактарында, Ош, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында жаан, Чүй облусунун тоо этектеринде жаан, тоолуу аймактарында кар жаашы ыктымал. Ал эми Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт, деп билдирди Кыргызгидромет.

Абанын күндүзгү температурасы:

Чүй облусунда +18…+23

Талас облусунда +18…+23

Баткен облусунда +21…+26

Ош, Жалал-Абад облустарында +21…+26

Ысык-Көл облусунда +13…+18

Нарын облусунда +13…+18

Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +21…+23 градуска жетет.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын температурасы +15…+17 градус болот.