23-сентябрь-Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнүнө карата ИИМдин өздүк курамынын куттуктоосу
Урматтуу мекендештер! Сиздерди кыргыз тилинин күнү менен, эне тил майрамы менен чын дилибизден куттуктайбыз. Кыргыз тили байыркы тил катары да, эң бай тил катары да дүйнөдөгү алдыңкы тилдердин жогорку сабында экенин сыймыктануу менен айтып келебиз. Бул тарыхый чындык. Биздин ата-бабалар кыргыз тилин өнүктүрүп өстүрүп дүйнөдө теңдеши жок «Манас» эпосун жараткан деңгээлге жеткирип бизге мурас кылган. Эми биздин милдетибиз кыргыз тилин илимде да, техникада да, философияда да, саясатта да татыктуу колдонулган заманбап тилдердин катарына кошуп, аздектеп өнүктүрүп, өстүрүп келечек муунга жеткире алсак, келечек муундарыбыздын алдында жүзүбүз жарык болот. Эмесе кымбаттуу кесиптештер, ардактуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тил күнү менен дагы бир ирет куттуктайбыз!
Ички иштер министрлигинин өздүк курамы