Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 23-сентябрда, Мамлекеттик тил күнү менен кыргызстандыктарды куттуктады. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Президентинин басма сөз кызматы билдирди.

«Урматтуу мекендештерим!

Сиздерди бүгүнкү Мамлекеттик тил күнү менен куттуктайм.

Ата-бабадан калган улуу мурасыбыз, улутубузду улут кылып келе жаткан куралыбыз — бул мамлекеттик тилибиз.

Кыргыз тили мамлекеттик тил макамын алган отуз бир жыл ичинде татаал жана жемиштүү жолду басып өттү.

Мамлекеттик тилибиз — өз ара түшүнүүнүн, улуттук адабияттын гана эмес, мыйзам чыгаруунун жана мамлекеттик башкаруунун тилине айланды.

Албетте, мүчүлүштүктөр да жок эмес. Санариптештирүү доорунда эне тилибизди дагы өнүктүрүп, аны илимдин, жаңы технологиялардын тилине айлантуу милдети турат.

Кыргыз тилин өлкөдөгү бардык улуттарга орток тил катары жашоо практикасына кеңири жана терең киргизүү — келечек максатыбыз.

Тил саясатынын негизи мамлекеттик тилди жалпы элибиздин биримдигин чыңдоонун маанилүү фактору катары ар тараптуу колдонуу менен аныкталат.

Кадырлуу мекендештерим, дүйнөдө теӊдеши жок „Манас“ эпосун жараткан кыргыз тилибиздин келечеги кең болсун!

Ынтымагы бекем, духу бийик, руху күчтүү журт бололу!

Жараткан Кудайым Өзү колдоп, ар дайым элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун!».