Бишкек-Нарын-Торугарт трассасында эки унаа кагышып, үч адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 22-сентябрда саат 17:00 чамасында Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 280-чакырымында (Эмгекчил айыл аймагы) «Тойота Авенсис» жана «Хонда-Степ» үлгүсүндөгү унаалардын катышуусунда жол кырсыгы катталган.

Кырсыктын кесепетинен 58 жана 38 жаштагы эки аял жана 44 жаштагы эркек киши каза болгон. Ошондой эле беш адам — эки эркек, бир аял жана эки жаш бала жараат алган.

Окуя болгон жерге куткаруучулар жана 1 өрт өчүрүүчү унаа, тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Куткаруучулар каза болгон адамдардын сөөгүн унаадан чыгарып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Жабыркаган адамдар Нарын облустук ооруканасына, каза болгондордун сөөгү Нарын райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.