Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Жаркынбек Максутов,кечээ 22-сентябрда ”Биринчи радиого”, Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсү жана учурдагы кырдаал боюнча маек берди.

Ал өз сөзүндө, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун “2020-жыл Региондорду өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү жарлыгына ылайык, Баткен облусунда, ири мамлекеттик долбоорлор ишке ашып, Президентибиздин колдоосу менен облус ар тараптуу өнүгүүдө.

Баткен шаарында 6 млн. АКШ долларына бааланган 1000 орундуу жаңы жумуш менен камсыз кылуучу текстиль фабрикасынын курулушу башталды.

Баткен шаарында өнөр-жай тармактарын ыкчам өнүктүрүү багытында жер бөлүнүп берилип, өрүктү кайра иштетүү үчүн 8 млн. сомдук АКШ долларына барабар инвестициялардын негизинде, 200 жумушчу орунун түзгөн ишкана курулууда.

Ишкана пайдаланууга берилсе, жыл сайын 8 мин тонна өрүктү кайра иштетүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Кызыл-Кыя шаарындагы «Coolbros» текстиль фабрикасында 350 киши жумуш орду менен камсыз болгон. Бул ишканада келечекте жумушчулардын саны 500гө жеткирүү аракеттери көрүлүүдө.Чыгарылган продукциялардын негизги бөлүгү Россия Федерациясынын рыногуна экспорттолууда.

Кызыл-Кыя шаарындагы «Кант ТШП» ЖЧКсы курган шифер заводу, темир-бетон буюмдарын чыгаруучу заводу, Кадамжай районундагы “Бетон стандарт” ишканасы жандуу иштеп жатат. Аталган ишканалар өлкө казынасына реалдуу ири суммадагы кирешелерди алып келген келечектүү завод десек болот.

Аймактарды өнүктүрүүдө ирригация тармагы өзгөчө мааниге ээ. Өкмөттүн № 440-токтомунун негизинде Баткен облусундагы 8 ири ирригациялык тармактарды куруу жана реконструкциялоо иштерине Өкмөттөн 58 млрд. сом бөлүнгөн.

Бул долбоорлор буюрса 2026-жылга чейин ишке ашырылса, Баткен өрөөнүндө дагы 30 000 гектар дың жерлер өздөштүрүлөт. Бул багытта Р4 каналынын, Боз-Кара-кыштак, Молдо-Нияз каналдарынын курулушун айтсак болот.

Лейлек районунда 6 гектар аянтка курулган мунайды кайра иштетүүчү завод курулду. Курулушка 1,5 млн АКШ доллары жумшалды. Ишкана бир айда эки мин тонна мунайды кайра иштетип, 300 тонна бензин, 800 тонна солярка, 1000 тонна мазут өндүрүү мүмкүнчүлүгү болот. Ал эми келечекте айына 5000 тоннага чейин мунайды кайра иштетүүнү пландап жатат. Келечекте мунайды кайра иштетүүчү бул завод Баткен облусунун экономикасын өстүрүүчү негизги потенциалы чоң ишканалардын бири болот.

Ал эми облустун чек ара аймактарында 40ка жакын курулуштарды, мамлекет каржылоого алган.

Аймактарды өнүктүрүүдө, жаш,демилгечил ишкерлерибиздин аракети менен Баткендин бренд продукцияларын да чыгарууга жетиштик.

Жергиликтүү ресурстарды пайдаланып, экологиялык жактан таза продуктулар, Batken Product аталышындагы логотип менен сатыкка чыкты.

Негизи Баткенде 8миң гектардан ашуун өрүк бактары бар. Жылына 120мин тоннадай өрук өндүрүлөт. Анын 20% гана жергиликтүү кайра иштетүүчү ишканаларда кайра иштетилет. Калган болугу жакынкы жана алыскы чет өлкөлөргө экспорттолот. Бизде азыр өрүктү жана мөмө жемишти кайра иштетүүчү 25 ишканалар бар. Буюрса аймакты өнүктүрүүдө бул багытка өзгөчө көңүл бөлүнөт, деди Жаркынбек Максутов.

Ал маегинде облустагы санариптештирүү, кышка даярдык, оруп жыйноо жумуштарынын жүрүшү, чек ара аймактарындагы мамлекеттик колдоолор тууралуу да кеңири маалымат берди.