Акыркы сутканын ичинде Кыргызстандын аймагында дагы 108 адам коронавирус менен пневмониядан айыгып, ооруканадан чыкты. Бул тууралуу бүгүн, 23-сентябрда республикалык ыкчам штаб билдирди.
Жаңы айыккандар:
— Бишкек шаарында 10 адам;
— Ош шаарында 11 адам;
— Ош облусунда 31 адам;
— Чүй облусунда 10 адам;
— Нарын облусунда 2 адам;
— Талас облусунда 4 адам;
— Ысык-Көл облусунда 13 адам;
— Жалал-Абад облусунда 12 адам;
— Баткен облусунда 15 адам.
Бүгүнкүгө чейин Кыргызстанда 45 миң 630 адамдан коронавирус жана пневмония аныкталса, алардын ичинен 41 миң 904 адам айыкты.