Санкт-Петербургда 53 жаштагы Юрий Яновский Өзбекстандан келген 23 жаштагы трансгендер мигрантты өлтүрүп, денесин мүчөлөп салган деген шек менен кармалды. Маркум шектүүнүн туруктуу кардары болгон, деп билдирет «Новости Ленинград».


Маалыматта айтылгандай, алардын жолугушуулары жакшы өтткөн. Бирок 2020-жылдын 12-январынан 13-январына караган түнү Санкт-Петербургдагы Васильевскийдеги апарт-отелде Юрийге жигит аны уктатып, тоноп кеткиси келгендей сезилген.

Яновский өзүнүн курмандыгын бычак менен өлтүрүп, денени темир араа менен мүчөлөп салган. Тергөөнүн версиясы боюнча, анын досу Роман Пензин сөөктөрдү жашырууга жардам берген. Учурда аны менен тергөөчүлөр сүйлөшүп жатышат.

Жайдын башында өспүрүм Мга дарыясынан бөлүнүп калган денени тапкан. Адистер маркумдун буттары араа менен кылдаттык менен кесилип, булчуңдары бычак менен кесилгенин белгилешти. Өлүк сууда болжол менен алты айдай болгон. Кийинчерээк жабырлануучу транссексуал экени белгилүү болуп — тирүү кезинде жигит өзүнө аял имплантатын салганы аныкталган.