Бугүн, 23-сентябрда Бишкек шаардык мэриясынын социалдык маселелер боюнча вице-мэри Виктория Мозгачева күндүзгү стационарларды текшерип, ал жактарда канча орун даярдалганы тууралуу маалымат алды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан  билдирди. 

Маалыматка караганда,  Мозгачева Арча-Бешик конушунда жайгашкан «Газпром» спорт комплексин, Чокморов көчөсүндөгү №8 бала бакчасын жана Профессор Зима көчөсүндөгү №81 мектептин базасындагы стационарга барды. 

«Газпром» спорт комплексинде 64 орун даярдалып, 13 кычкылтек концентратору коюлган. №81 мектептин базасында 40 орун даярдалган. Ал жакта сегиз кычкылтек концентратору бар. Ошондой эле №8 бала бакча 30 орунга ылайыкташып, беш кычкылтек концентратору берилген.

«Бардык стационарларда медикаменттер менен жеке коргонуу каражаттарынын запасы камдалды. Буга чейин күндүзгү стационарлар жабылып жатканда жабдыктарды, орундуктарды жана башка буюмдарды кылдаттык менен сактап койгонбуз. Ал эми медиктердин командасы министрликтин алгоритми боюнча коронавирусту дарылоого даяр», — деп айтылат маалыматта.