Британиянын Аберхосан айылында (Уэльс) Интернет 18 айга өчүп калды. Буга эски сыналгыдан чыккан толкун тоскоол болуп, Wi-Fiга тармагы өчүп калган. Бул  тууралуу, The Sun жазды.

Жергиликтүү провайдер болгон Openreach компаниясынын инженерлери эмне болуп жаткандыгын түшүнүшкөн жок. Күн сайын эртең мененки саат жетиде Аберхосандын 400гө жакын тургундун Интернетти өчүп турган. Бул бир жарым жылга созулду.


Мындан тышкары, формалдуу түрдө, тармакта баары өз нугунда болчу. Жада калса, адистер айылга кеткен кабелди алмаштырып чыгышкан, бирок бул да жардам берген жок. Натыйжада, тинтүүлөрдүн соң Аберхосанда жашаган улгайган адамдын үйүнө алып барган.


Көрсө, пенсионер күн сайын эртең менен саат 7:00 дө бир эле жогорку деңгээлдеги импульстук толкун чыгарган эски телевизорду көрөт экен (SHINE). Сыналганын ээси бул жагдайга  нааразы болуп, аны мындан ары колдонбоого макул болгон. Компания мындай кырдаалды болтурбоо үчүн айылдыктарга электр шаймандарынын сертификаттарын текшерип чыгууну сунуштады.