Кеңеш

Башында баары жакшы болчу. Бирок убакыт өткөн сайын аялымдын мамилеси өзгөрүп….

Биздин редакцияга, «Психологдун кеңеши» рубрикабызга келген кезектеги катты сунуштайбыз.  Сиздерден келген суроолорго психолог, адис Альбина Закирова жооп берет.

Саламатсыздарбы Кадам-медианын жамааты жана психолог эже. Менин атым аноним бойдон калсын. Менин сиздерге мындай суроом бар. Биз үйлөнгөнүбүзгө 3 жыл болду.Бир балабыз бар.Башында баары жакшы болчу. Бирок убакыт өткөн сайын аялым өзгөрүп бараткандай. Мамилеси өзгөрдү, мурдагыдай ысык болбой калдык. Балким бала менен кыйналып жатабы? Же мен мурункудай көңүл бөлбөй жатамбы? Негизи кандай кылганда аялды бактылуу кыла алабыз? Ушуга жооп берип койсоңор. Рахмат.

Психолог Альбина Закирова:

Саламатсызбы, аноним.

Башында ысык болсо мамилеңиз, баарын кайтаруу оңой. Жашсыңар, бир эле балаңар бар. Аял киши бул сүйүүнүн булагы , ошондуктан сиз жакшы мамилеңиз менен жубайыңыздын  сүүйүсүнө чөксөңөр болот.

Аял кишиге 3 эле нерсе керек коопсуздук, жакындык анан колдоо.

Коопсуздук— бул аял киши эркек кишинин артында болуп, эч нерседен коркпой , жолдошум дайыма мени, балдарымды коргойт деген ишенимде болушу керек.

Жакындык- бул аял киши дайыма жолдошунун сүйүктүүсү экенин билип турушу керек.

Ал үчүн жубайыңызга комплименттерди, мисалы,  кел бети боюнча, тулку бою, ажарын, сулуу экенин айтып туруңуз.  Эртен менен кечинде жумушка кетип баратып жүзүнөн  сүйүп, кучактап, жакшы көрөөрүңүздү жашырбаңыз. Тамактарын мактап жеп,  сизге бала төрөп  бергени үчүн ыраазычылык айтып туруңуз.

Колдоо — бул  жубайыңыздын оюн  угуу, сүйлөшүү, бала карашып, жардам берүү.  Эс алуу күнү  балаңыз менен тышка чыгып сейилдеп, аялыңызды уктап ал, өзүңө кара, курбу кыздарың менен жолугуп кел, көйнөк алып берейинби деп эркелетип турсаңыз сизден бактылуу эркек болбойт. Анткени аял киши баардык сиз сунуштаган нерселерден сүйүүнүн энергиясын топтойт. Андан кийин сизге баардык сый урматын тартуулайт, барктайт. Жогоруда айтылгандарды аткарууга аракет кылыңыз. Бактылуу болгула!

Тектеш материалдар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button