Жогорку Кеңешке шайлоого катышып жаткан партиялар үгүт иштерине эки апта ичинде 504 миллион 787 миң сом коротушту. Бул тууралуу БШК маалымдады. 

Шайлоо жөнүндө конституциялык мыйзамдын 41-беренесинин 12-пунктуна ылайык, банк же башка мекемелер саясий партиянын атайын эсебинде турган каражаттардын түшүүсү жана чыгымдалышы жөнүндө Борбордук шайлоо комиссиясына жума сайын маалымат берип турууга милдеттүү.

18-сентябрга карата банк маалыматтарынын негизинде 16 саясий партиянын шайлоо фондунун чыгымы боюнча маалымат берди.

Саясий партиянын аталышы Кирешеси Чыгашасы
1 «Мекеним Кыргызстан» 108 215 641 105 053 771
2 «Биримдик» 97 408 300 89 602 259
3 «Кыргызстан» 90 539 602 88 407 824
4 «Ата-Мекен» 47 945 134 41 986 511
5 «Бир Бол» 38 537 293 38 520 449
6 «Замандаш» 37 292 000 37 278 196
7 «Республика» 30 116 655 29 956 836
8 «Мекенчил» 13 060 175 12 360 334
9 «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы» 10 169 500 10 117 303
10 «Социал-демократтар» 9 423 360 9 234 112
11 «Ордо» 8 314 000 8 287 508
12 «Бүтүн Кыргызстан» 7 629 524 6 981 208
13 «Реформа» 7 539 662 7 259 269
14 «Ыйман Нуру» 7 063 800 6 562 480
15 «Мекен Ынтымагы» 7 039 210 6 986 882
16 «Чоң казат» 6 688 914 6 192 666
Бардыгы: 526 млн 982 миң 770 504 млн 787 миң 608