23-сентябрь Жаңсоо тилинин эл аралык күнү. Ал БУУнун Башкы

ассамблеясы тарабынан угуусу жагынан майыптыгы бар адамдардын укуктарын толук ишке ашыруу максатында негизделген.

Быйыл апрель айында БУУнун Кыргызстандагы Өнүгүү программасы пандемиянын кесепеттерин жоюу максатында «Ачык инновацияга чакырык Inno4Kg» конкурсун жарыялаган. Жеңүүчүлөрдүн арасында “Угуусу начар балдарды санариптик билим берүү системасына тартуу” долбоору дагы болгон. Аталган долбоор «Технолэнд» коомдук фонду жана сүйлөөсү жана угуусу начар балдардын адистештирилген мектепке чейин №87 билим берүү мекемеси менен биргеликте иштелип чыккан.

Жаңсоо тилинин эл аралык күнүн утурлай «Язык жестов-Арифметика», «Язык жестов-Мой мир», «Язык жестов-Моя семья» аттуу тиркемелер иштелип чыгып, Google Play Market’ке чыгарылды. Аны көчүрүп алып колдонсо болот. Ар бир тиркемеде 60-90го чейин түрдүү көнүгүүлөр камтылган. Бул өз кезегинде угуусу начар балдарга билим берүүдө жакшы колдонмо болуп саналат. Көнүгүүлөр аяктагандан кийин аларды бышыктоо үчүн 4-6 тесттик оюндар дагы бар.

Ошондой эле, Интернеттен https://tehnoland.kg сайтынан ар түрдүү аудио, видео материалдарды таба аласыз.