22-сентябрда Бишкек шаарындагы №2 клиникалык төрөт үйүнө жана Улуттук онкология жана гематология борборуна COVID-19га каршы күрөштү күчөтүү үчүн өпкөнү жасалма дем алдыруучу эки жаңы аппарат расмий түрдө берилди. Дагы бир ИВЛ аппараты Ош шаарындагы перинаталдык борборго жеткирилмекчи. Бул аппараттар чоң адамдарга, ошондой эле балдарга дагы колдонууга жарайт. Жабдыктар бүгүнтөн тарта бейтаптарды тейлеп, иштетилип баштады. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Тапшыруулар Азия өнүктүрүү банкынын 200 000 АКШ доллары өлчөмүндөгү өзгөчө кырдаалдардагы медициналык жардамынын алкагында, Кыргыз Республикасына ЮНИСЕФ аркылуу жабдуу сатып алуу менен ишке ашырылды.

2020-жылдын апрель айынан тарта өлкө боюнча ооруканаларга берилген жабдыктар:
— 20 000 медициналык кол кап
-2000 коргоочу комбинезон
-FFP2 классындагы 2300 респиратор
-300 эндотрахеалдык түтүкчө
— педиатриялык 3000 канюля
— чоң адамдарга арналган 8000 назалдык канюля жана аба өткөрүүчү жабдуулар
— өндүрүмдүүлүгү 10 литр болгон 10 кычкылтек концентратору жана кычкылтек агымын бөлүүчү жабдуулар
— 1500 ашык дем алуу системасы

.Бардык медициналык жабдуулар жана чыгымдоочу материалдар ЮНИСЕФ тарабынан саламаттык сактоо тармагындагы ишенимдүү жана тастыктамалары бар өндүрүүчүлөрдөн сатылып алынууда.