Смартфондогу үн жаздыруучу колдонмолордун көпчүлүгү маалыматтардын бир бөлүгүн тиркеме түзүүчүлөрдүн серверине жөнөтүп турат. Ал жерде маалыматтар чексиз убакытка сакталат дагы, жарандарга зыян келтириши мүмкүн. Мындай пикирди DLBI жашыруун чалгындоо кызматынын негиздөөчүсү Ашот Оганесян билдиргенин РИА Новости жазды.

Эксперт белгилегендей, көпчүлүк учурда үн жаздыруучу колдонмо «тааныбаган» үндөрдү нейробайланыштарды түзүүгө катышкан адистер уга алышат. Мындай адамдар компаниянын штатында болбогондуктан конфиденциалдуулук эрежесин сакташпайт. Натыйжада өзгөчө «кызыктуу» сүйлөшүүлөр же үндөр интернетке чыгып кетиши мүмкүн.

Буга чейин шаар башчысы тургундардын шаардык кызматтар менен кызматташуусунда бирдиктүү санарип продукт жок экендигин, муниципалдык кызматтарды пайдалануу татаал экенин белгилеп, шаардык чарба департаментинин башчысы Нурлан Касымовго жумуштан кетүүнү сунуштаган.

Булак: Спутник кж