Ырчы Гүлнур Асанова жоолук салынып, дин жолуна түшкөндөн бери жашоого болгон көз карашы өзгөргөнүн жеке баракчасына жазып, төмөнкүдөй билдирүү калтырды.

«Жашоодо эмнелер гана болбойт. Тирүүлүктө оңдонуп , түздөнүп, кагынып алдыга кадам таштай берели. Жараткан пендесин ар кандай жол менен сынайт тура. Эн негизгиси, күнөөбүздү сезип, тообо келтирсек Аллах кечиримдүү зат экенине шек жок. Менин азыр чынында ой жугуртуум, жашоого болгон көз карашым өзгөрүлдү. Эч кимге таарынбайм, Аллах ыраазычылыгы үчүн кечирдим баарын… Сиз дагы бирөөгө таарынып жүрсөңүз, кечиримдүү болуңуз. Жараткан кечиримдүүлөр жана сабырдуулар менен бирге»,-деди Асанова.