“Сасык тумоодон же грипптен жана COVID-19дан оорунун күчөп кетишин болтурбоо максатында Өкмөт эл ичинде 16-сентябрдан баштап профилактикалык эмдөө иштерин жүргүзүп жатат”, — деп билдирди КР Премьер-министри Кубатбек Боронов.

Эмдөө республиканын бардык Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунда, ФАПтарда акысыз жүргүзүлөт. Муктаждыгына жараша мобилдик группалар ишке тартылат.

Ошондой эле анын айтымында, эгерде тийиштүү шарттары бар болсо, айрым жеке саламаттык сактоо уюмдарына эмдөө иштерин жүргүзүүгө уруксат берилген:
-Бишкек ш — 10 жеке медициналык борбор;
— Ош ш — 6 жеке медициналык борбор;
— Жалал-Абад, Баткен, Таласта – Цадмир жеке медборбордун филиалы;
-Нарында Бонецкий лабораториясынын филиалы.