Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министри Азамат Жаманкулов жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын гуманитардык өнүктүрүүгө мониторинг жүргүзүү жана жарандык коомдун институттары менен өз ара аракеттенүү бөлүмүнүн башчысы Кудайберген Базарбаев Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, композитор-мелодист, акын, жазуучу жана драматург Маматибраим Бостонкуловдон кабар алды. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин инсульт алып, ооруканада жаткандыгы маалым болгон. Жолугушуу учурунда Маматибраим Бостонкуловго ден-соолугун чыңдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан материалдык жардам тапшырылды. Бостонкулов Маматибраим 1954-жылы туулган. 1987-жылы Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун аяктаган.М. Бостонкулов чыгармачылык ишин 1968-жылы баштаган.

Чыгармачылык жолунда балдар үчүн алтымышка жакын обондуу чыгармаларды, фортепианолук, хордук чыгармалары болуп эки жүзгө жакын обондорду жаратып, ноталуу бир катар китептердин автору болуп саналат.