Кыргызстанда мамлекеттик тилдин отуз биринчи жылдыгы белгиленүүдө. Мамлекеттик тил – мамлекетте иш кагаздарын жана сот иштерин алып барууда, жалпы билим берүүчү орто мектептерде, атайын орто жана жогорку окуу жайларында окутууну жүргүзүүдө бир өлкөдө милдеттүү колдонулуучу тил.

 Кыргыз ССРинин Жогорку Совети 1989-жылы 23-сентябрда “Кыргыз ССРинин мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзам кабыл алынып, андан сон кыргыз тилине мамлекеттик тил макамы берилген. Бул мыйзам 2004-жылы Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйыны тарабынан жаңыланып, анда кыргыз тили мамлекеттик тил, ал эми орус тили расмий тил деп жарыяланган.

Буга байланыштуу, Кыргыз Республикасынын ИИМдин Күзөт кызматы “Кыргыз тили, менин тилим” — ыр саптарын арнады.

ИИМдин Күзөт кызматынын түзүм бөлүмдөрүнүн өздүк курамынын арасында ырга шыктуулары көркөм өнөрчүлүктөрүн көрсөтүштү.

ИИМдин Күзөт кызматынын Басма сөз кызматы