Ички иштер министри Кашкар Джунушалиев “Азия Ньюс” гезитинен өндүрүлгөн  300 миң сомду Красноречкадагы балдар үйүнө которот. Бул тууралуу, жактоочу Мирлан Насыров билдирди.

«Баарыңыздарга маалым болгондой, ички иштер министри К. Джунушалиев ар намысын жана абийирин, андан сырткары кызматтык репутациясын “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору А. Сартбаевден коргоо үчүн сотко кайрылган. 2019-жылдын 29-октябрь күнү Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун Чечими менен К. Джунушалиевдин пайдасына сураныч кылып жөнөткөн арызын четинен канаттандырып, гезиттин башкы редактору А.Н. Сартбаевди 1 млн. сом акча каражатын төлөөгө милденттендирген.

 Ошондой эле, 2020-жылдын 26-февраль күнү  Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечими менен К. Джунушалиевдин пайдасына  “Азия Ньюс” гезитинин башкы редактору А.Н. Сартбаевди 300 миң сом төлөөгө милдеттендирген.

 Андан сырткары, бүгүн 2020-жылдын 23-сентябрь күнү Жогорку Соттун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын токтому менен  2020-жылдын 26-февраль күнүндөгү  Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча соттук коллегиясынын чечимин күчүндө калтырды.  Чечим жыйынтыктоочу болуп саналгандыктан, кайрадан арыз-доо менен кайрылууга болбойт.

 Мен, аталган иш боюнча жактоочусу катары расмий билдирем, “Азия Ньюс” гезитинен өндүрүлгөн 300 миң өлчөмүндөгү акча каражаты Красноречкадагы балдар үйүнө которулат»,-деп айтылат маалыматта.