Токмок шаарынын мэриясынын маалыматы боюнча, 23-сентябрга карата базарда уйдун эти 330 сомдон 360 сомго чейин сатылып жатат. Соодагерлердин айтымында, 380 сомго чейин көтөрүлгөн.Ал эми койдун эти 330 сомдон 350 сомго чейин сатылып жатат.

«Ош облусунан кардарлар келип, малды дүӊүнөн алып кетип жатышат. Алар болсо чет өлкөлөргө сатып жатабыз деп билдиришти. Мындан улам жергиликтүү базарга байланган малдар аз чыгып, эттин баасы көтөрүлүп кетти», — деп билдиришти алар.

Жаз мезгилинде дагы эттин баасы көтөрүлүп кеткен. Анын себеби, араб ишкерлери малды Казакстан тарап менен алып кетишкен.

Мал байлап саткан Саламат Мусаевдин айтымында, уй менен бука 15 миӊ сомго кымбаттады.

«Мал чарба иштеткендерге, айыл элине абдан жакшы болду. Жергиликтүү базарга таасирин берип, бир аз кыйынчылык туудурганы менен мал менен оокат кылгандарга бир кыйла пайда алып келип жатат. Кыргызстандын элинин 80 пайызы мал чарбасы менен жан багат десем жаӊылышпайм. Бизде ири заводдор болбогондон кийин жергиликтүү эл бир гана мал чарба, дыйкан чарба менен күн көрүп келе жатабыз.

Азыр ушул эле жылдын жаз айларына салыштырмалуу эттин баасы 40-50 сомго чейин кымбаттады. Кымбаттаганына бир айдан өтүп калды. Өзбекстандын ишкерлерине мамлекети жеӊилдетилген насыя бериптир. Ошол себептен өзбекстандык ишкерлер биздин малды дүңүнөн алып кетип жатышат. Мисалы, орточо эсеп менен бир бука 200 кг эт берет. Аны союп сатканда 60 миӊ сом тапчубуз. Азыр 68-70 миӊ сом болуп калды. 20 миӊ сомдук торпоктор 35 миӊ сомго чейин сатылып жатат. Мындайча айтканда ар бир башка 15 миӊ сомдон кошулуп кымбаттады», — деди ал.

Булак: Турмуш