Күн мурун, 23-сентябрда Ош шаарынын мэриясында ишкерлердин кесиптик майрамына карата сыйлоо аземи болуп өттү. Ага шаардын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Кыргыз Республикасынын экономика министрлигинин аймактар аралык башкармалыгынын башчысынын орун басары А.Садиров жана ишкерлер катышты.

Ош шаардык мэриясынан кабарлашкандай, Саибжан Турдуев ишкерлерди кесиптик майрамы менен шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун атынан куттуктап, алардын өлкө экономикасына кошуп жаткан салымдарын баса белгиледи.

Иш-чаранын жүрүшүндө Ош шаарынын социалдык — экономикалык өнүгүүсүнө, потенциалын жогорулатууга, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтурууга кошкон бараандуу салымы жана коомдук-саясий турмушуна активдүү катышкандыгы үчүн бир нече жеке ишкерлерге мэриянын Ардак грамоталары жана ыраазычылык баракчалары тапшырылды.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын экономика министрлиги тарабынан Ардак грамота, ыраазычылык кат жана жылдын “Мыкты ишкери” наамы ыйгарылды.

Белгилей кетсек, жыл сайын 20-сентябрда Кыргызстанда ишкерлердин кесиптик майрамы белгиленет.