Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков кечээ, 23-сентябрда, БУУнун Башкы Ассамблеясынын 75-сессиясындагы Жалпы дебаттар алкагында видеокайрылуу жасады. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Төмөндө Мамлекет башчысынын сөзү:

«Урматтуу Баш катчы мырза,

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасынын атынан Сиздерди Бириккен улуттар уюмунун 75 жылдык мааракеси менен куттуктайм.

Бүгүнкү күндө дүйнөнү Бириккен улуттар уюмусуз элестетүү мүмкүн эмес. Бул уюм социалдык-экономикалык, каржылык, маданий көйгөйлөрдү чечүүнүн өтө маанилүү куралы болуп калды. БУУнун мекемелери, фонддору жана программалары өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин керектүү жана натыйжалуу өнөктөшү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын элинин атынан БУУга бардык реформаларыбызды колдоого алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирем.

Урматтуу төрага мырза,

Азыркы дебаттардын темасы дүйнөнү тынчсыздандырып жаткан кырдаалды так чагылдырып турат. COVID-19 пандемиясы биздин канчалык тыгыз байланышта экендигибизди эске салды. БУУнун Баш катчысынын бүткүл дүйнө жүзүндө отту токтотуу жана пандемия менен күрөшүү үчүн эл аралык күч-аракеттерди мобилизациялоо чакырыгын толук колдоорумду билдирем.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 43 миңден ашуун адамга илдет жукканы аныкталды, тилеккке каршы, бир миң алтымыш үч жараныбызды жоготуп алдык. Үстүбүздөгү жылдын 30-июлунда биздин өлкөдө Аза күтүү күнү жарыяланган. Кыргызстан элинин биримдигинин, медиктерибиз менен ыктыярчыларыбыздын каарман эмгегинин аркасында вирустун жайылышын бир кыйла төмөндөтө алдык. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму, Бириккен улуттар уюму жана анын ыкчам түрдө түзгөн фонду, ошондой эле эл аралык донорлор тарабынан көрсөтүлгөн жардамдар биз үчүн чоң мааниге ээ.

Ошондой эле маанилүү колдоо биздин союздаштарыбыз менен стратегиялык өнөктөштөрүбүздөн келди. Биз үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар абдан зарыл. Вакцина менен камсыз болуу дагы биз үчүн абдан маанилүү.

Урматтуу катышуучулар,

Пандемия „Жыйырма-отуз күн тартиптерин“ ишке ашырууга тоскоолдук кылды жана тышкы карыз кризисин абдан татаалдаштырды.

Биз „Чоң жыйырмалыктын“ жана эл аралык каржы институттарынын карыздар боюнча төлөмдөрдү токтото туруу чечимин кубаттайбыз. Үстүбүздөгү жылдын май айында БУУнун жогорку деңгээлдеги иш-чараларында туруктуу өнүктүрүү долбоорлорунун ордуна тышкы карызды терең реструктуризациялоо механизмин колдонууну сунуш кылганбыз. Биздин демилгебиз активдүү колдоого алынарына үмүт кылабыз.

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасы Уюмду реформалоо боюнча Баш катчы Гутерриш мырзанын жасаган аракеттерин колдойт. Коопсуздук кеңештин, Башкы Ассамблеянын жана Экономикалык жана Социалдык кеңештин натыйжалуулугун жогорулатуу өзгөчө мааниге ээ. Биз коопсуздукту жана экономикалык өнүгүүнү камсыз кылууга, адам укуктарын коргоого, мыйзамдуулуктун жана демократиянын үстөмдүгүн сактоого өзгөчө маани беребиз.

Кыргызстан жакынкы мезгилдерге карата Адам укуктары боюнча кеңешке жана БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө өз талапкерлигин койду. Биздин талапкерлигибизди кеңири колдойсуздар деген үмүттөмүн.

Урматтуу төрага мырза,

Кыргыз Республикасы, Борбордук Азиядагы ядролук куралсыз аймак жөнүндөгү келишимдин депозитарийи катары, өзөктүк куралсыздандыруу жана аны жайылтпоо боюнча мамилелерди күчөтүүнү жактайт. Терроризм жана экстремизм да биздин дүйнөгө олуттуу коркунуч туудурат. Террористтик коркунучка каршы күрөшүүдөгү эл аралык коомчулуктун аракеттерин координациялоо боюнча негизги ролду БУУ ойношу керек. БУУнун Глобалдык контртеррористтик стратегиясынын натыйжалуу ишке ашырылышын жактайбыз. БУУнун Бишкекте жайгашкан Глобалдык контртеррористтик башкармалыгынын аймактык координаторунун дайындалышын кубаттайбыз. Ага колдоо көрсөтүүгө даяр экенибизди билдиребиз.

Айымдар жана мырзалар,

Кыргызстан Туруктуу өнүгүүнүн жетинчи жана он үчүнчү максаттарына жетүү боюнча милдеттерди өз мойнуна алды.

Өткөн жылдын ноябрында Климаттын өзгөрүшү боюнча Париж келишимин ратификацияладык. Кыргызстан бул милдеттерди ишке ашыруунун эң маанилүү кадамы катары „жашыл“ экономиканы өнүктүрүүнү көрөт. Биз таза өнүмдөрдүн жана таза энергиянын өлкөсү болууга умтулуудабыз. Кыргызстан салттуу энергия булактарын керектөөнү бара-бара кыскартууга багыт алат. Суу-энергетикалык потенциалыбызды ГЭСтерди куруу жана „CASA-1000“ эл аралык долбооруна катышуу аркылуу пайдаланууну маанилүү деп эсептейбиз.

Бул биздин коңшуларыбыздын сугат муктаждыктары үчүн суу ресурстарынын топтолушуна жана бүтүндөй аймактын туруктуу өнүгүүсүнө өбөлгө түзөт.

Кыргыз Республикасы климаттык өзгөрүүнүн терс таасирлерине ыңгайлашуусу үчүн эл аралык коомчулуктун колдоосуна муктаж.

Урматтуу төрага мырза!

Климаттын өзгөрүшү Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жана суу ресурстарынын көлөмүнүн азайышына алып келүүдө.

Бул таза суу тартыштыгына, жерлердин деградацияланышына жана экономикалык тобокелчиликтерге алып келет, калктын саламаттыгына коркунуч туудурат. Буга байланыштуу биз мөңгүлөрдүн эрүү көйгөйүнө жана аларды коргоого багытталган долбоорлорду ишке ашырууну жактайбыз. Мөңгүлөрдүн жаралыш аймагындагы тоо экосистемасын сактоо абдан маанилүү деп эсептейбиз. Бул багытта Кыргызстан бир катар глобалдуу демилгелерди көтөрүп чыкты. Ак илбирсти жана анын тоо экосистемасын сактоо боюнча эки жолу Глобалдык форум өткөрүлдү. Борбор Азиядагы радиациялык коркунучтарды алдын алууда эл аралык коомчулуктун ролу тууралуу резолюция кабыл алынды.

Өткөн жылдын август айында Тоолуу өлкөлөрдүн достук тобу түзүлдү. Бүгүн ал жыйырма үч мамлекетке жетти. Ошондой эле биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо маанилүү. Ошондуктан, Кыргызстан Башкы ассамблеянын бул сессиясына „Жаратылыштын чек арасы жок: трансчекаралык кызматташтык — биоартүрдүүлүктү сактоодогу жана туруктуу пайдалануудагы негизги фактор“ аттуу жаңы резолюциянын долбоорун алып чыкты.

Биздин демилгени колдойсуздар деп ишенебиз.

Айымдар жана мырзалар,

Кыргыз Республикасы Борбор Азияда аймактык кызматташтыкка өзгөчө маани берет. Өлкөлөр ортосундагы өз ара байланыштар динамикалуу өнүгүүдө. Биз болгон көйгөйлөрдү чечүү үчүн жогорку деңгээлдеги аймактык пикир алышуу аянтчаларына активдүү катышабыз. Негизги милдеттердин бири — биздин элдердин бакубаттыгын жогорулатуу максатында экономикалык кооперациялар жолундагы тоскоолдуктарды алып салуу.

Транспорт-коммуникациялык коридорлор, логистикалык борборлор жана терминалдар системасын өнүктүрүү абдан чоң мааниге ээ. Байыркы Улуу Жибек Жолунун негизги каттамдарын кайра түзүүбүз керек. „Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан»темир жолун куруу жана ишке киргизүү Азияны Европа менен байланыштырууга кошкон салымыбыз болот.

Урматтуу төрага мырза,

Кыргызстан мыйзам үстөмдүгүн жана адам укугун бекемдөө принциптерин карманат. Кыргызстандын өнүгүү жолун аныктаган стратегиялык документ 2040-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы болуп саналат. Анын башкы багыты бул — укуктук мамлекетти түзүү жана ар бир жарандын кызыкчылыгындагы мыйзамдуулукту камсыз кылуу.

Кыргызстанда эл аралык колдоо астында кеңири соттук-укуктук реформа жүргүзүлүүдө. Аймактарды өнүктүрүү, таза суу менен камсыз кылуу жана мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдү санариптештирүү боюнча долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Үстүбүздөгү жылдын 4-октябрында Кыргызстанда кезектеги парламенттик шайлоо өтөт. Ага эл аралык байкоочулар, анын ичинде ЕККУ, ШКУ жана КМШдан байкоочулар чакырылган. Биз шайлоонун заманбап технологияларды колдонуу менен ачык-айкын жана атаандаштыкта өтүүсү үчүн бардык күч-аракеттерибизди жумшайбыз.

Көңүл бурганыңыздар үчүн ыраазычылык билдирем!