Мен азыркы жаңы турмуш жолуна аттанып жаткан жаш кыздарга кичине кенеш айткым келди! Жаз кезде ойноп күлүп өз ата энеңдин кучагында жүргөнгө эмне жетсин. Күйөөго шашпаныздар эгерде бешенеңиздерге жазган болсо айла жок! Мен да турмушка чыксам тынчып кетем деп ойлойт элем. Студент кезде бир тааныбаган жигит мени ала качып кетти, аны жакшы тааныбайм олтурбаймын деп кетип калсам болмок.

Бирок өзүм турмушка чыгып бактылуу жашайм деген максат менен тийген элем. Аттин ай шашып атканымды билген эмес экенмин! Ал жигит мени аялдыкка эмес үйүнө кызматкер алгандай мамиле кыла баштады. Нике түнүбүздө да 5 минутка жетпей зордоп салган, ошол куну анын кандай экенин билгем.

Эч көңүлүм жылыбай койду ушунча кордукту корсотуп оозумдан бир сөз чыкпай кызматыны кылып жүрдүм. 1 гектар жерине мени алып барып коет эле жалгыз талаада жумуш кылат элем. Ал болсо кечинде жумушунан келе жатып ала келет эле. Кечинеде ал жумуштан келгичекти уктабай турасың деп урушат. Келип алып да бутуму жуу деп жатып алат. Корконумдан айтканын кылып жүрдүм мени аябай сабап салат. Колума телефон бербейт жумушка баратып үйдөгү кыла турган жумуштарды бүтүруп кой деп кетип калат эле.

Ушундай адамды өмүрүмдө жолуктурам деп эч ойлогон эмес экенмин. Эмнеге мени анчалык кордойт себебин билбедим. Турмуштан ажырап келген кайын эжелердин балдары биз менен чогуу жашайт ошолорду карап койбоптурсун деп акыркы жолу бетиме шапалак берип жаткырып тээп салган. Көзүмдү ооруканадан ачтым апам жанымда олтурган экен. Апамды кучактап ыйлап жашай албайм деп точка койгонмун! 3 ай араң жашаптырмын. Өзүм жөнүндө айтсам келбетуу элемин колунда бар эле үй-бүлөнүн жалгыз кызымын. Азыр болсо үйлөнө элек жигитер мага турмушка чык деп сунушун айтып жатышат. Үйлөнө элек балага турмушка чыксам кийин бетиме салбайбы ошондо корком. Үйүмдүн астына келип суранып атат эмне кылсам кеңеш бериниздерчи?