Кыргызстанда сутка ичинде өлкө боюнча 6 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкекте бир, Ош шаарында үч, Ош облусунда бир медик ооруп калды.

«Ал эми бир суткада 5 медициналык кызматкер ооруканалардан айыгып чыгарылды. Үй карантининен 17 медкызматкер чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 214 учур катталды, алардын ичинен 2 896 медкызматкер айыгып чыкты», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, 24-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 127 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 757ни түзөт. Алардын ичинен 42 миң 5 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.