Кыргызстанда сутка ичинде 101 адам коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыкты. Бул тууралуу Республикалык штабдан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында – 15, Ош шаарында – 13, Чүй облусунда — 9, Ош облусунда – 17, Талас облусунда — 3, Ысык-Көл облусунда –14, Жалал-Абад облусунда – 10, Баткен облусунда – 20 бейтап коронавирустан айыкты.

Учурда Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) айыгып чыккандардын жалпы саны 42 миң 5 адамга жетти.