Бир балам бар 6 айлык жашым 20да. Жолдошумдун жашы 34 жашта. Азыр ушунчалык кыйналып ыйлап жазып жатам. Неге аял заты ыйлай беребиз, неге ишенчээкбиз. Жолдошум менен сүйлөшүп баарын билип, турмушка чыккам. Ата-энемдин каршылыгына карабай жолдошума макулдугумду бергем. Жолдошум акчаны жакшы табат үйдөгү иштердин баарын кылат. Эмне жейм десем баарын жедирет. Бир гана кемчилиги кафеге коп барат ичип келет жаңжал салбайт уктайт.

Бүгүн жолдошумдун номерин жазып өзүмө ватсап ачтым. Уктап жатканда заблоко кирсем 3 кыздын номери бар экен. Жолдошумдун атынан дароо жаздым (кандайсын ким элең атыны тапбай жатам деп ал кыз жооп берди жакшы. Кимсиз десем жолдошум экөө мурун жазышканын скриншот кылып жөнөттү. Куйөөм жазыптыр «курбу кызыңды тартпайсыңбы тапбайсыңбы, айландырып келебиз» деп башка жака барабыз тиги бул деп. Ал кызга чалдым мени туура эле түшүндү. Мен билбепмин «аялы болосузбу» дейт.

Жолдошума айтып жаңжал чыгардым күйөөм болсо мен жазган жокмун досум жазды деп досуна шылтап, моюнуна албай койду. Кыскасы ушундай сөздөр оюму бир жерге коюп жаза албай жатам. Бул күйөөмдүн биринчиси эмес мурун дагы досуна шылтаган. Азыр эмне кылышты деле билбей калдым.