Мен 21 жаштамын. Быйыл буйруса 5-курс болом. Менин маселем атам арак ичет. Акыркы убактарда колумду сурагандар көбөйдү. Ал эми менен үй-бүлө кургандан коркчум. Жакындан бери айылдаш менден улуу агам үйлөнүү сунушун киргизди. Менден 3 жаш чоң. Үй-бүлөөсүнүн баары намаз окуйт. Карындашы болсо менин классташым болот. Мамилебиз анча эмес, апасы дагы мүнөзү оор. Колунда бар жакшы турушат, ал эми биз орто жашайбыз.

Алар мен жөнүндө билишпейт бала өзү мага жагат. Эмне кылсам болот же өзүм теңдүүлөрдөн издесемби? Же бактым үчүн күрөшсөмбү? Ага турмушка чыксам атамдын арак ичкенин, биздин алардан төмөн жашаганыбызды айтып басынтышса эмне кылам. КӨп нерселерди ойлоно берип эзилип бүттүм. Апамдан кеңеш сурасам кийин өкүнбөгөндөй болуп жашашың керек дейт. Жашоо сеники сен тандаганга биз да ыраазы болобуз дейт.

Айзат