Аксы районунун Кызыл-Бейит айылынын тургундарына 500 миң сомго жаңы моторлуу кайык (паром) тапшырылды.

Маалым болгондой, айыл тоо арасында, шарты катаал аймакта жайгашкан. Андыктан айылдыктар Нарын дарыясы аркылуу каттамдарды кайык менен жүргүзүп келет. Буга чейин мындагы жалгыз техниканын эскилиги жетип, элеттиктердин район менен болгон байланышына бир топ кыйынчылык жаралып келген.

Эми түйшөлткөн маселе жеңилдеп, Жалал-Абад облусунун башчысы Нурболот Мирзахмедов жаңы кайык тапшырды. Ага сарпталуучу каражаттын 350 миң сомун алтын изилдөөчү компаниясы берсе, 100 миң сомун айыл өкмөт жана жашоочулар көтөргөн. Нурболот Мирзахмедов айыл элинин суу үстүндөгү каттам жүргүзүүсүнө бардык коопсуздук чараларын эске алуу керектигин айтып, зарыл болгон куткаруучу кийимдер менен камсыздаарын билдирди.

Кызыл-бейиттиктер облус жетекчисине жайыт, ички жол, электр энергиясы менен катар интернет байланышынын жоктугун айтышты. Өкүл маселелердин үстүндө жергиликтүү бийлик менен биргеликте тийиштүү иштер жүрөрүн айтты.

Кызыл-Бейит айылында 72 кожолук болуп, 389 адам жашайт. Мындагы тургундар мал чарбачылыгы менен гана алектенишет. Мектеп жашындагы балдар Таш-Көмүр жана Кара-Көл шаарларына каттап билим алышат. Айыл Аксы районунун борборунан 150 чакырым алыстыкта жайгашкан. Аталган айылда 1980-жылга чейин жол каттамы болгон. Кийин Күрп-Сай ГЭСи курулганда Нарын дарыясы бөгөлүп, кургак жол менен баруучу каттам суу астында калган. Ал ортодо шарты жок айыл элин 1985-жылы көчүрүү маселеси каралып, Ноокен районунун Үч-Там айылынан чек бөлүнгөн. Бирок ал жактын шартына канааттанбаган айылдыктар көчүүдөн баш тартышкан.

Булак: ТУРМУШ