Социалдык тармактарда шайлоочуларды адаштырган маалыматтар тарап жатат. Видеороликте эркек киши калем менен кагазга текшерүү белгисин коюп, андан кийин кагаз бетине от күйгүзүп, сыянын оңой өчүп калганын көргөзгөн. Ошол эле учурда, видеоматериалга үн коштолуп, шайлоо күнү шайлоо участкаларында бюллетендерге ушундай сыя менен  кол коюла тургандыгы айтылып жана шайлоочуларды өз калемдерин колдонууга үндөйт.

Борбордук шайлоо комиссиясы,өз кезегинде төмөнкүлөрдү билдирет. Кадимки шарик калемдери Автоматтык эсептөөчү урнанын (АЭУ) сканеринде из калтырышы мүмкүн, бул болсо урнанын сканеринин бузулушуна (булгануусуна) алып барат. Ушуга байланыштуу, шайлоо участкаларында сканердин окуу бөлүгүн булгабаган капиллярдык калемдер колдонулат, кагаз бетине отту жакындатканда сыя өчпөйт.

«Мындан тышкары, шайлоочунун бюллетендеги койгон белгисин өчүрүү үчүн отту колдонуу мүмкүн эмес, анткени шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү саясий партиялардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлөт. Добуш берүү учурунда жана добуштарды эсептөө учурунда саясий партиялардын байкоочулары жана коммерциялык эмес уюмдардан дайындалган коомдук байкоочулар катышат. Демек, аудио жана видеороликтерде шайлоо участкасында добуш берүү учурунда колдонулган атайын маркердин сыясы оттун жардамы менен өчүрүлүшү мүмкүн деген маалымат чындыкка дал келбейт”, – деди Кыргыз Республикасынын Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасынын орун басары А.Бекматов.

КР БШК маалымат бөлүмү