Бишкек Күчтүү шаарлардын түйүнүнө кошулду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, муниципалитет коопсуздук боюнча глобалдык борбордон ушул түйүнгө кошулуу боюнча чакыруу алган.

Белгилей кетсек, борбор 2018-жылы БУУнун Башкы ассамблеясында түзүлгөн. Бул мэрлердин, губернаторлордун жана жергиликтүү практиктердин биринчи глобалдык түйүнү болуп саналат. Анын максаты — социалдык биримдик, туруктуулукту түзүү жана зомбулукка, экстремизмге каршы күрөшүү.

Учурда түйүнгө 140 шаар менен муниципалитет кирет. Маалыматка караганда, катышуучу шаарларга жергиликтүү жамааттардын укугун коргогон стратегиялык программаларды түзүүгө колдоо көрсөтүлөт.