Бишкек шаарындагы турак үйдөн жылан чыкты. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз
кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Свердлов районунда 23-сентября саат 13:40 чамасында Карагачевая көчөсүнүн №3 дарегинде жайгашкан турак үйдөн жылан чыккан. Жыландын узундугу бир метрге жакын болгон.
ӨКМдин Бишкек шаардык Куткаруу кызматынын куткаруучулары жыланды кармап, зыянсыздандырышкан.