Орус-казак мамлекеттик чек арасында тыгылып калган кыргыз жарандары мекенине жеткириле баштады. Бул тууралуу “Интерфакс” жазды.


Маалыматта айтылгандай, бүгүн Бишкек убактысы боюнча саат 7.20да Башкыртстандын беш муниципалитетинде убактылуу жайгашуу пункттарында жүргөн кыргызстандыктардын өтүүсү үчүн транзиттик коридор уюштурулду.


296 жараны бар алты автобустан турган биринчи колонна бүгүн Оренбург облусу менен административдик чек арадан өтүп, Казакстан менен чек арага бет алышты.