Бишкекте бир катар автоунааларды ижарага алып саткан деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматта айтылгандай, 19-августта жаран У.У. Замир аттуу адам жеке айдоочу болуу үчүн андан Хонда Ария унаасын ижарага алып, качып кеткенин айткан. Унаанын баасы 4 миң 500 доллар.

“Кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган З.З. аттуу жаран кармалган. Көрсө, ал ижарага алган унааны сатып, андан түшкөн акчаны оюн автоматтарына  уттуруп койгон экен.

Шектүүнүн ушул сыяктуу жети кылмышты жасоого катыштыгы бар экендиги аныкталды.


Соттун чечими менен шектүү эки айга тергөө абагына камакка алынды. Шектүүдөн жапа чеккен жарандарды 0552102474, 0706233306 же 102 телефон номерлерине кайрылууну суранабыз”,- деп айтылат маалытта.