Мурунку премьер-министр Сапар Исаков Молдовановка айылындагы №27 колонияга которулду. Бул тууралуу анын жактоочусу  Бакытбек Автандил уулу журналисттерге билдирди.

Анын айтымында, Сапар Исаков учурда карантиндик зонада, ал жерде 10 күн кармалат.

“Сапар Исаковдун башка колонияга которулгандыгы бүгүн белгилүү болду. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы анын себептерин түшүндүрүп берүү боюнча менин оозеки кайрылуума жооп берген жок. Мен билдирүү калтырдым. 27-колонияга кире алган жокмун, анткени ПЦР тестин тапшыргандыгы жөнүндө справкам жок”, – деди жактоочу.

Эске салсак, Сапар Исаков Тарых музейиндеги коррупция жана Бишкек жылуулук электр борборун модернизациялоо боюнча соттолгон. Бир кылмыш иши боюнча министрлер кабинетинин мурдагы башчысы 18 жылга, экинчисинде 15 жылга эркинен ажыратылган.