Баткен облусунда сасык тумоого каршы вакцинациялоо иштери башталды. Бул тууралуу Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору Арзыбек Бөрүбеков кабарлады.

Маалыматка караганда, облуска 9000 доза «Гриппол» келген. Анын ичинде Баткен район-шаарына 1200 доза бөлүнгөн. Учурда жер-жерлерде эмдөө иштери жүрүп жатат. Дары негизинен медицина кыматкерлерине, 5 жашка чейинки жаш балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, жашы улгайгандарга берилет. Эмдөө иштери 27-сентябрга чейин толугу менен бүтөт. Эмдөөнүн экинчи этабы да болушу мүмкүн. Ал эми жеке менчик медицина борборлорунда бул вакцинаны 400-800 сомго чейин алса болот.

Жыл сайын ноябрь айынан баштап сасык тумоого карата карантин болот.