Кара-Суу райондук администрациясынын жетекчиси Тилекбек Матраимов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазган жок. Бул тууралуу өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Байыш Юсупов журналистерге билдирди.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда Матраимов район башчылыгынан кетти деген кептер тарап жатат.

Ошондой эле, Облус жетекчиси Юсупов бул маалыматты төгүндөп, Мартаимов кыска убакыттагы эс алууга чыкканын билдирди.

«Арыз жазды деген маалымат жок. Ал киши бир айлык отпускка кетти», — деди Юсупов.

Эске салсак, Матраимов Кара-Суу районун 2012-жылдын февраль айынан тарта жетектеп келет.